«Чоңойгондо жол тескөөчү болгусу келет». «Биз акча албайбыз» деген балакайлар тууралуу маалымат

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары балакай жол тескөөчүлөрдүн видеосу менен бөлүшкөн. Видеодон форма кийген, колуна таякча кармап, жолдогу унааларды тоскон балакайларды көрүүгө болот. Алар видеонун авторун коопсуздук курун тагынбаганына байланыштуу токтотушуп, айдоочунун унаасынын документин жана айдоочулук күбөлүгүн текшеришип, документтеги номур менен унаанын номуру дал келеби же жокпу карашкан. Андан соң видеонун автору аларга 50 сом сунуп, «буга суу ичип койгула, чын жүрөктөн берип жатам, жумуштан тышкары» деген. Бирок балдар «биз акча албайбыз, кете бериңиз» деп акчасын албай койгон.

Милициянын кайгуул кызматы балакайларга барып, белек беришкен. Бөбөктөрдүн улуусу Алымбек 7 жашта, анын иниси Адилет 5 жашта жана кошунасы Байхан 6  жашта. Балакайлар Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарынын 18-мектебинин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматкерлеринин катарын толуктагысы келет. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери бөбөктөр жолдо унаа каражаттарын тосуп ойноо, балдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын ата-энелерине түшүндүрүштү.