19-20-ноябрь күндөрү Чуңкурчак капчыгайында “Эң мыкты” аттуу альпинизм жана драйтулинг биринчи эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын альпинизм федерациясынан билдиришти.
Фестиваль 2014-жылдан бери Екатеринбургга жакын жердеги аскаларда ийгиликтүү өтүп келе жатканы, быйыл Бишкекте өткөрүлөрү белгиленген.
Уюштуруучулар белгилегендей, программа альпинизм жана музга чыгуу боюнча ар кандай тажрыйбасы, билими жана көндүмдөрү бар катышуучулар үчүн иштелип чыккан жана жаңы баштагандарга да, тажрыйбалуу спортчуларга да кызыктуу болот.










