Шайлоонун чуу жараткан алдын ала жыйынтыгы. БШКнын саат 12:00гө белгиленген жыйыны дагы жылды

Бүгүн, 29-ноябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы, сайттагы мүчүлүштүктөр боюнча маалымат жыйын өткөрмөк. Маалымат жыйындын баштапкы убактысы саат 11:00гө белгиленген болчу. Бирок кийин саат 12:00гө жылдырылганын билдиришкен.

Ал эми саат 12:00гө барган журналисттерге маалымат жыйын жылдырылганын айтышып, бирок так убактысын айта алышкан эмес. Кечээ, 28-ноябрда да Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун маалымат жыйыны күтүүсүз болбой калган. Ал кечки саат 22:10до болушу керек болчу, бирок башталышына 15 мүнөт калганда токтотулган.