Чүйдө 13 жаштагы Бакыт Иманалиев 3 жумадан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 2008-жылы туулган Иманалиев Бакыт Русланович дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ал ушул жылдын 28-ноябрында мектеп-интернаттан эч кимге айтпастан чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Бою 145-150 сантиметр, толук дене түзүлүштө, чачы кара. Кара куртка, кара футболка, кара спорттук шым, спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо, 0 (312) 60-73-87 жана 0 (501) 74-66-00 номурларына чалсаңыздар болот.