Чүйдө чөгүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы сууну топтоочу көлмөгө адам чөгүп кетти деген маалымат барган. №23 ӨККБдан беш куткаруучу саат 18:00дө жерине барган.
Саат 19:30да куткаруучулар 2008-жылы туулган кыздын жансыз денесин суудан таап чыгышкан.













