Чүйдө 15 жаштагы Имран Баудинов 1 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдүн милициясы дайынсыз болуп жаткан 2007-жылы туулган Баудинов Имран Ялкуновичти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

23-августта милиция кызматына арыз менен кайрылышып, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын тургуну Имран Баудинов 14-август күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча келбегенин билдиришкен.
Өзгөчө белгилери: бетинде эриндеринин үстү жагында оң тарабында кал бар.
Белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы түз кара түстө, мурду түз.
Кийген кийими: кызыл түстөгү футболка, кара чолок шым, бутунда тапочка.

Эгер сиздер Имран Баудиновдун жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат билсеңиз, кабарлап коюңуздарды суранабыз, телефон номерлери: (03135) 5-02-80, 0708 45-78-46.