Чүйдө 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жаранды чыгарган сот төрагалыктан кетти

Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Арстанбек Аскарбеков бүгүн, 27-майда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун атына кызматтан алуу боюнча арыз жазганы көрсөтүлгөн. «Судья өз арызында Кылмыш-жаза кодексинин «Адепсиз жоруктар» беренеси боюнча айыпталуучуга карата козголгон иш боюнча анын чечими жабырлануучунун жаш курагын жана шектүү коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Ошондуктан судья Арстанбек Аскарбеков анын аракети сот бийлигинин беделине терс таасирин тийгизерин түшүнүп, соттун төрагасын кызматтан алуу боюнча арыз жазган. Жогорку Соттун төрагасы анын отставкасын кабыл алып, Москва райондук сотунун төрагасын ээлеген кызматынан бошотту», — деп билдиришти Жогорку Соттон.

Белгилей кетсек, Арстанбек Аскарбеков райондук соттун судьясы бойдон калат.

Буга чейин соцтармактарга 15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн жарандын видеосу тараган. Ишти прокуратура көзөмөлгө алган.