Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы. Кыздын үй-бүлөсүнө кысым болуп жатканы маалым болду

Чүйдө зордукталган 17 жаштагы кыздын үй-бүлөсүнө шектүүлөр тарабынан кысым болуп жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.

«Иш Аламүдүн РИИБде. «Укук коргоо лигасы» коомдук фонду жардам көрсөтүп жатат. Жабырланган кыз өзүн жаман сезип жатат»,— деди ал.

Кечээ, 8-августта соцтармактарга видео тараган. Анда Чүйдөгү «Алтын-Казына» ресторанынын кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы кыздын зордукталганы маалымдалган. Бүгүн, 9-августта Чүй ОИИБ маалымат таратып, кылмышка шектелип 20 жаштагы жигит кармалганын билдиришти.