Чүйдө 18 жаштагы Айдарбай кызы Тахмина дайынсыз болуп жатат

Чүй облустук милициясы 2004-жылы туулган Айдарбай кызы Тахминанын издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 9-декабрь күнү Ала-Тоо жаңы конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, кара тору, көзү күрөң.
Кийген кийими: кара куртка, башында ак жоолук, кара бут кийим.

Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, 0312 60-75-67, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86 номурларына чалсаңар болот.