Чүйдө 20 жаштагы Бектур кызы Наргиза бир жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Сокулукта 2003-жылы туулган Бектур кызы Наргиза дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга кыздын жакындары кайрылып, анын 13-мартта Сокулуктун Алтын-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.

Белгилери: бою 145-150 сантиметр, көзү кара, чачы кара жана кыска, арык дене түзүлүштө.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86 номурларына чалсаңар болот.