Чүйдө 21 жаштагы Тохтохан Нуридинова дайынсыз болуп жатат

Панфилов районунда милиция Кайыңды шаарынын дайынсыз жоголгон тургунун издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2002-жылы туулган Тохтохан Нуридинова 24-январда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. 26-январда аталган факты каттоого алынып, издөө иштери жүрө баштады.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0312 60-79-89, 0709-33-35-01, 0702-31-75-22, 0557-08-03-87 номурларына чалсаңар болот.