Чүйдө 25 жаштагы Ибрагим Сулайманов дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 1999-жылы туулган Сулайманов Ибрагим Нурбекович изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

26-мартта анын жакындары Москва райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, жигит 21-март күнү эртең менен Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03131 5 21 31, 0312 60 77 27 номурларына чалсаңар болот.