Чүйдө 1996-жылы туулган Усубалиев Амангелди Муратович изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Чүй ОИИБден билдиришти.
Ал 20-апрелде Токмоктогу үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 175-180 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кыска. Күрөң кепка, кара куртка, кара свитер кийип жүргөн.
Кимде-ким жаранды көргөн болсо, (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 701 15 35 12 номурларына чалсаңыздар болот.