Чүйдө 36 жаштагы жаран 27-июлдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 1986-жылы туулган Карагулов Тимур Жекшеналиевич изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 27-июлда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана кыска.

Кийген кийими: кара-көк футболка жана шорта.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (3138) 5-82-89, 0 (702) 77-74-08, 0 (552) 99-20-25 номурларына чалыңыздар.