Чүйдө келин төрөттөн кийин көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн. 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгон. Ымыркайдын абалы жакшы экендиги, ал эми келин Токтогул районунан келгени маалым болду.
Маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.