Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Ильенко Олег Сергеевич изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1979-жылы туулган жаран 2020-жылдын 14-декабрында Кант шаарынын 2-кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 172-177 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска кара.
Өзгөчө белгилери: үстүнкү жаактагы маңдайкы тиштери жок. Төшүндө карышкырдын сүрөтү тартылган татуировкасы бар. Ал кызыл кофта, спорттук кийим кийип жүргөн.