Чүйдө 61 жаштагы Арстанбек Өмүрзаков үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда

Чүйдө 1961-жылы туулган Өмүрзаков Арстанбек Бакыевич дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 25-ноябрда Новониколаевка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык, чачы кыска, көзү күрөң.

Кийген кийими: кара куртка, камуфляж шым жана башында кара шапка.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 03133 3-51-84, 0312 221558, 0990 22-27-07 номурларына чалсаңыздар болот.