Чүйдө 8 тоннадан ашуун сүттү сууга төккөн кишини милиция тапты

Кечээ, 1-майда саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылынын аймагында 8,5 тонна сүттү сууга төккөн айдоочунун аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Буга чейин соцтармакта сүт ташуучу унаадан сүттүн сууга төгүлүп жатканы тартылган видеолор тараган. Сокулук районунун милиция кызматкерлери сүттү сууга төккөн адамды аныктап, ал Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну болуп чыкты. Текшерүүдө айдоочунун Жаңы-Жер жана Жогорку-Чүй айылдарынан топтолгон сүттү 30-апрелде менчик компанияга өткөрө албай койгону үчүн төгүүгө мажбур болгону аныкталган. Бул сүттүн курамы коюлган талаптарга жооп бербегенине байланыштуу орун алган. Айдоочу сүттү төгүп жаткан учурда видеого тартып, кийин аны кардарларына жөнөткөн.