Чүй облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эң улуу ардагери, 100 жаштагы Кошкоро Жаманкуловго мамлекеттен белек — Кара-Балта шаарынан батир тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
1924-жылы туулган Кошкоро Жаманкулов учурда кичүү уулу, келини жана неберелери менен Суусамырда, Кайсар айылында жашайт. Аксакалдын үй-бүлөсү чоң – жети баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.