Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы курбулар компьютердик клубдан табылды

Чүйдө дайынсыз болуп, изделип жаткан 15 жаштагы Зыйнат Иманказы кызы менен Айсезим Замирбек кызы табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар 14-ноябрь күнү саат 13:00дө Военно-Антоновка айылындагы үйдөн чыгып кетишкен бойдон кайтып барышпаганы айтылган. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Милициядан билдиришкендей, кыздар Бишкектеги компьютердик клубдун биринен табылган.