Чүйдө дээрлик 20 күндөн бери 12 жаштагы Билал дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 2010-жылы туулган Мусурманкулов Билал Махамадалиевич изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-августта милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 13:30 чамасында Жайыл районунун Алексеевка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан баланы табууга көмөктөшүүнү суранган. Белгилери: бою 145-150 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кашы кара жана коюу.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 номурларына чалсаңар болот.