Чүйдө изделип жаткан 17 жаштагы Анель Талайбекова Бишкектен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
1-октябрь күнү Аламүдүн РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган Анель Талайбекова аттуу кызы 30-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганын билдирген.