Чүйдө жол тескөөчүлөр коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат

11-майдан 22-майга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан коомдук транспортто рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.  

Кызматкерлер шаардык жана райондук транспорттун айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. «Техникалык көзөмөл инспекторлору айдоочуга жарандардын өмүрү жана ден соолугуна көз каранды болгон коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет. Жүргүнчүлөрдү ташуу менен байланышкан ишти коммерциялык негизде жүргүзгөн жетекчилерге жана кызмат адамдарына транспорт каражаттарынын техникалык жактан жарактуулугу үчүн жоопкерчилик аларын эскертет»,- дешти.