Чүйдө мектептен чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз табылды

Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Нагия Ишманованы Алексеевка айылынан тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

«Изделип жаткан окуучу Сокулук районунун милиция кызматкерлери айыл аймагынан аман-эсен табышты. Профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин кыз ата-энесине өткөрүп берилди», — деп айтылат маалыматта.