Чүйдө шайлоо тилкесинде мас абалында жүргөн эки милиция кызматкери иштен алынды

Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери ички иштер органдарынан четтетилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Социалдык тармактарда эки милиция кызматкери Ысык-Ата районунда жайгашкан аймактык шайлоо тилкелеринин биринин жанында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү коомдук тартипти камсыздоо үчүн кызмат өтөп жаткан учурунда мас абалында болгон видео тараган.

28-ноябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери тарабынан кызматкерлердин үстүнөн кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын эки кызматкери милициянын улук лейтенанты жана милициянын прапорщиги кызматтык тартипти бузуп, аларга бекитилген аймактык шайлоо тилкесинде мас абалында жүргөндөр аныкталган. Аталган кызматкерлер Кант шаарынын аймактык ооруканасына медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жеткирилип, мас абалында экендиги тастыкталып, кызматтан алынды. Андан сырткары, Чүй ОИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин бир нече жетекчиси катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылды.