10-февралда Жайыл райондук аймактык ооруканасына 36 жаштагы келин түшүп, 11-февралда көз жарып, эртеси каза болгону тууралуу маалымат тараган. Келин 9-баласын жарыкка алып келген. Маркумдун жолдошу SUPERTV’га маек берди. Ал жубайын дарыгерлердин шалаакылыгынан улам каза болду деп эсептейт. Маркумдун жакындары жана жолдошу ошол күнкү окуяны айтып беришти.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0706 40 59 40.
«Мен Токтогулда турам. Эжемдин кыйналып жатканын укканда эле жолго чыктым. Төө-Ашууга жеткенде эле ыйлап чалышканынан эжемдин каза болгонун билдим. Мен дароо эле төрөтканага бардым. Мага «сегизди төрөгөн эне тогузун деле өзү төрөйт дедик» деди. Эжем 8ди төрөгөн, эжемдин ден соолугу жакшы болчу. Дарыгерлердин айынан 9 бала энесиз калды», — деди бир тууган сиңдиси.