Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон 19 жаштагы келин. Бир нече дарыгер кызматтан кетти

Бүгүн, 2-февралда Саламаттык сактоо министрлигинде министр Гүлнара Баатырованын төрагалыгы алдында энелердин өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отуруму болуп, анда Чүй облусундагы Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндөгү 19 жаштагы келиндин төрөт учурунда каза болгон окуясы каралды.

Бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева тааныштырды. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 19 жаштагы тургунуна медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтерге токтолду. Жаңы көз жарган эненин өлүмү полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшүнөн болгон деген тыянактарды айтты. Соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, мындай корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылган.

Отурумдун жыйынтыгында ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын иш-аракеттерин жетиштүү координация жасабагандыгы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытовага сөгүш жарыяланды;

Эненин өлүмүнө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштургандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ЖДПБнын директору, директордун орун басары, ЖДПБнын төрөт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; Санавиация тармагындагы функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн (санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тарткандыгы үчүн) №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук ЖДПБнын айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.

SuperTV телеканалына Кант шаарынын тургуну Бексултан Төрөгелди уулу кайрылып, 19 жаштагы жубайы төрөттөн улам каза болгонун айткан эле.