Чыңгыз Айдарбеков 1 айга чукул убакыт кайсы жерде болгонун айтты

«Мен 23 күндөй убакыт ден соолугума байланыштуу өлкөдө болгон жокмун», — деди Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге. Ал бүгүн, 26-декабрда комитеттик жыйынга катышты. 

«Мен чет өлкөгө кетишим керек болду. Жергиликтүү адистер менен кеңештим, бирок бул жерде так диагноз коюлган жок. Алар дарылоо курсун жазып бере алышкан жок», — деди ал.

Депутат Казакстандагы таанышынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен барганын, бирок чек арадагы көйгөйлөрдөн улам ал жалгыз жолго чыкканын ырастады. «Сөөктү койгондон кийин кан басымым көтөрүлүп, ооруканага кайрылууга туура келди. Ошондон кийин гана пландалган график боюнча дарыланууга андан ары кеттим», — деди Айдарбеков.

Анын айтымында, чек арада эч кандай көйгөй болгон эмес.