Чыңгыз Мамаевдин жубайы: «Кылмыш иш тууралуу угуп, микроинсульт алып жатып калдым»

Өткөн жылдын апрель айында актёр, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаев сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Арадан 9 ай өтүп, актёр үй камагына чыгарылды. Ал бүгүн үй-бүлөсүнүн кашында отурган учуру.

«Бүгүн абдан кубанычтуу күн болуп жатат. Мен кылмыш иш тууралуу айтканда эле ишенген жокмун. «Чыңгыз ушундай кылыптыр» дегенде мени менен чогуу уккандар деле ишенген жок. Тигилер барып бир каналга интервью бергенден баштап, комментарийлер күчөй баштады. Ага чейин чакан чөйрө угуп, ызы-чуу болуп жүргөнбүз. Арыз жазып туруп, маек берип салышты. Ошону мен эмдигиче көрө элекмин. Сүрөтүн көрүп туруп, өткөрүп ийгем. Ошондо мен микроинсульт алып, жатып калдым», — деди ал.