COVID-19. АКШ Кыргызстанга 1 миллион сомдук гуманитардык жардам берди

USAID Бишкектеги эки ооруканага жеке коргонуу шаймандарын жана медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Улуттук госпиталга жана Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына 19 миң жуп бир жолу колдонулуучу кол кап, 5 миң респиратор, 960 көз айнек, 10 миң жуп бахила, ошондой эле бейтаптарды кароо үчүн 50 кардиостимулятор алынган. Гуманитардык жардамдын баасы 1 миллион сомдон ашык.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул мекемелерге COVID-19 менен ооруган көп бейтап кайрыларын айтты. Пандемия башталгандан бери USAID Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү үчүн 7 миллион доллардан ашык каражат бөлдү.