COVID-19. Эмне үчүн кыргызстандыктар азырынча «Sinovac» вакцинасын ала алышпайт?

9-сентябрда Кыргызстан Түркиядан «Sinovac» вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Учурда вакцина региондорго жеткирилип, кампада турат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди. 

Жарандан бул вакцинаны кайдан, качан алууга болоруна кызыгып жатышат. Бул суроолорго Ишенапысова төмөндөгүдөй жоо берди: «Sinovac» 2024-жылга чейин жарактуу, ошондуктан азыр башка вакциналар колдонулат (QazVac, AstraZeneca). «Sinopharm» вакцинасы 2023-жылга чейин жарактуу. Ал эми «Pfizer» алты айлык мөөнөтү менен келет».