Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 34 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек — 19
Чүй облусу — 2
Ош облусу — 2
Нарын облусу — 6
Ысык-Көл облусу — 5
Илдет илээштиргендердин бирөө — медицина кызматкери. Ал эми бир суткада үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4196 учур катталды, алардын ичинен 4118 медкызматкер сакайды.
Акыркы суткада 69 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:
Бишкек — 21
Ош — 3
Чүй облусу — 19
Ош облусу — 3
Нарын облусу — 5
Ысык-Көл облусу — 10
Жалал-Абад облусу — 2
COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.
Белгилей кетсек, жалпы жыл башынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 475ке жетти. Анын 82 253ү сакайып чыкса, 1441 бейтап каза тапкан.