Бүгүн, 24-июлда саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча, Бишкектеги 18 стационарда 595 бош орун бар. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
— Курортология институтунда 169 орун;
— Д.Асанов атындагы аскер лицейинде 107 орун;
— Улуттук госпиталдын нейрокорпусунда– 46 орун;
— Улуттук госпиталда 45 орун;
— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 30 орун;
— №2 клиникалык төрөт үйүндө 29 орун;
— №1 шаардык клиникалык ооруканада 28 орун;
— Улуттук онкология жана гематология борборунда 26 орун;
— Республикалык наркология борборунда 23 орун;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 17 орун;
— Аскер госпиталында 15 орун;
— Чүй облустук бириктирилген ооруканасында 13 орун;
— Фтизиатрия борборунда (КММА, №6 жатакана) 13 орун;
— Улуттук госпиталдын урология корпусунда 12 орун;
— Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында 9 орун;
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда 6 орун;
— №6 шаардык клиникалык ооруканада 4 орун;
— Улуттук хирургия борборунда 3 орун бар;
— Улуттук физиатрия борборунда орун жок.