Дача-СУга кулаган учактын жүгүнө Алмазбек Атамбаевдин тиешеси барбы? Комиссиянын жыйынтыгы

Дача-СУ аймагына кулаган учактын ичиндеги жүккө Алмазбек Атамбаевдин эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу 1-декабрда Жогорку Кеңеште авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Шыкмаматов окуя болгон жерге Атамбаевдин барбаганы үчүн жүккө анын тиешеси болушу мүмкүн экени божомолдонгонун айтты. Ал кылмыш иш 30 томдон турарын, бирок алардын биринде да жүк Атамбаевге тиешеси бар экени жазылган эместигин айтты. Айрым күбөлөр суралган, бирок бул божомол тастыкталган эмес.