Дагы бир уулануу. Жалал-Абад шаарында «Таж-Махал» тамактануучу жайдан 14 адам ууланды

Жалал-Абад шаарындагы «Таж-Махал» тез татымынан 14 адам тамак-ашка ууланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Кечээ, 30-июнь күнү «Таж-Махал» тез татымы даярдалуучу жайдан 14 адам ууланган. Учурда алардын 6сы облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми 8 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Аталган тамактануучу жайга 7500 сом айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулду.