«Жергиликтүү бийлик өзүн пиар кылгандан бошобойт». Депутат Ошто көмүр кымбаттаганын айтып, нааразы болду

Кечээ, 17-январда Ош шаарында көмүрдүн килограммынын баасы 12 сомго чыкты. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов билдирди.

«Мен жергиликтүү бийликке байланышып, «антимонополия каякты карап отурат?» деп сурадым. Ош облусунун жергиликтүү бийлиги өзүн пиар кылгандан бошобой калды. Эл менен иштешпейби? Кайсы жерге барса да, камера менен жүрүшөт. Көмүр кымбаттады, жарык өчүп жатат, жылуулук жок. Оштогу Төлөйкөндө 1 сутка жарык жок болду. Мындай болбойт», — деди ал.