Дайынсыз болуп, изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды

Буга чейин дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам Мамырканов табылганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

9-апрелде Исламдын апасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, 8-апрель күнү уулу Аламүдүн-1 кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Бул факты катталып, издөө иштери башталган.

Өспүрүм 11-апрелде Свердлов районунан табылган. Милиция кызматкерлери мыйзамдуу өкүлдөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.