Дайынсыз болуп, изделип жаткан 17 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан 17 жаштагы жигиттин жансыз денеси Чүйдөгү Кайырма менен Ленин айылдарынын аралыгынан табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга 28-февралда чалуу болуп, жансыз дене жаткандыгы тууралуу кабарланган. Жансыз денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Анын аты-жөнүн тактоодо 2004-жылы туулгандыгын, буга чейин издөөдө жүргөндүгү маалым болгон.