Дамира Ниязалиеванын тегерегиндеги окуялар боюнча эмне белгилүү?

Кечээ, 29-майда соцтармакка Ленин району боюнча өткөн шайлоодо эң көп добуш алган Дамира Ниязалиевага таандык делген аудио тарады. Анда агитатор менен добуш сатып алуу талкууланган.

Түнү депутаттыкка талапкердин штабында тинтүү жүрүп, эшиги жабылып, мөөр басылды. Кылмыш иши козголду деп маалымдалып жатканы менен эч бир расмий орган маалымат бере элек. Дамира Ниязалиева өзү журналисттерге соцтармакка тарап кеткен аудионун монтаждалганын билдирди.