Данияр Үсөнов Александр Лукашенкого өзгөчө стол белек кылды

Беларустун президенти Александр Лукашенко Даниил Урицкий болуп калган мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов башкарган беларустук улуттук биотехнологиялык корпорацияга барды. Аталган өлкөнүн басылмалары жазышкандай, Үсөнов Лукашенкого эксклюзив түштөнүүчү стол тартуулаган.

Ал сегиз орундуу. Комплект жыгачтан классикалык стилде даярдалган. Стол анын ортосунда айланган бөлүгү, анын астында буудайдан сайма коюлганы менен өзгөчө.