Оорулуулардын 70-80 пайызга чейинкилери COVID-19дан кийин узак убакыт оорушат. Постковиддик синдрому курч инфекциядан кийин бир нече ай бою сакталышы мүмкүн жана бейтаптардын дээрлик жарымы жашоо сапатынын төмөндөшүн белгилешет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бейтаптар кээ бир когнитивдик функцияларды бузган, анын ичинде узак мөөнөттүү нейропсихологиялык симптомдорго ээ болушу мүмкүн.
«Постковиддик синдрому үчүн атайын дарылоо азырынча иштелип чыга элек. Азыркы учурда коронавирустан кийинки реабилитациялык дарылоо тактикасы адамдагы бузулууларды жоюу чараларын камтыйт. COVID-19 менен ооруган бейтаптар дарылоо курсу бүткөндөн кийин кеминде 12 ай үй-бүлөлүк дарыгеринин көзөмөлүндө болууга тийиш. Муктаждыкка жараша тар чөйрөдөгү адистерден кеңеш ала алышат»,- деди ал.