«Дарыгердин шалаакылыгынан 2 айлык балам жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды» дейт ата. Дарыгер эмне дейт?

Бейтапканада иштеген дарыгердин айынан балабыз оор абалда ооруканага түшүп калды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине наристенин атасы билдирди.

«Уулум 15-октябрда 2 айга толду. 14-октябрь күнү кечинде мурду бүтүп, кыйналганынан №2 поликлиникага караштуу №9, №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылганбыз. Бизди караган дарыгер жок болгондуктан нөөмөттөгү дарыгер караган. Ал альбуцид деген дары жазып берген. Ошол дарынын мурдуна куйган соң, абалы начарлап баштады. Тез жардам чакырдык. Алар карап кеткен соң, уулум дем ала албай баштады. Анан ооруканага өзүбүз алып бардык. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бизге жазган негизи көздүн дарысы экен, бизге мурунга жазып берген. Дарыгерлер ал дарыны мурунга деле колдоно берсе болорун, бирок 2 айлык наристеге жазып берүүгө болбой турганын айтып жатышат», — деди наристенин атасы.

Редакция аталган дарыгер менен байланышканыбызда, аталган дарыны наристелерге буга чейин эле жазып келгенин, дары бат айыктырууга жардам берип келгенин айтты. «Москвада иштеп жүргөндө дарыны жазып берип эле келгенбиз. Тез айыктырчу. Мен окуяны укканда түнү менен уктабай чыктым, эртең менен ооруканага барып, дарыгерлери менен сүйлөштүм. Наристеде пневмония бар экен. Мен аллергия болуп кеткен экен дедим. Менин айыман баланын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын четке кагам», — деди дарыгер.