Дарыгерлер депутаттарга көйгөйлөрүн айтышты

Депутаттар дарыгерлерге кол салгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоору боюнча коомдук талкууга катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Депутаттар Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо жана Нулифар Алимжанова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн мыйзам долбоорун талкуулоого арналган жыйынга катышты. Коомдук талкууга Бишкек шаарындагы бейтапканалардын дарыгерлери, медициналык окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышты.
Эл өкүлдөрү Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо, Акылбек Түмөнбаев, Жылдыз Садырбаева, Нилуфар Алимжанова тарабынан сунушталып жаткан «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда дарыгерлерди, мугалимдерди кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда ур-токмокко алып, зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү жагы каралган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Жанарбек Акаев учурда дарыгерлерге карата зомбулук көрсөткөндөр жалпы мыйзам боюнча жазаланарын билдирди. Башкача айтканда, медицина кызматкерлери үчүн атайын берене каралган эмес. «2023-жылы 2125 дарыгер иштен кетиптир. Жүздөгөн медицина кызматкери Орусияга жумуш издеп кеткен учурлар бар. Муну алдын алып, ак халатчандарды ар тараптуу колдоону улантып, элибиздин сапаттуу дарылануусуна шарт түзүүнү да талап кылабыз. Мындан тышкары, дарыгерлердин айлык маянасын да көтөрүүнү демилгелейбиз, ошол эле убакта аларга да жоопкерчилик күчөйт»,- деди Жанарбек Акаев.

Талкуу суроо-жооп иретинде өтүп, дарыгерлер айлык маянанын аздыгы, бейтаптар тарабынан кол салуу жана жумуш учурунда уруксатсыз кирген ар кандай блогерлер менен болгон көйгөйлөр тууралуу маселе козгошту. Өз кезегинде эл өкүлдөрү Мирлан Самыйкожо менен Нулифар Алимжанова жетиштүү эмес айлык акы менен оор шартта иштеп жаткан дарыгерлерди ар тараптуу колдоо жана коргоо максатында аталган мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтып өтүштү.