Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жана медайымдарды коронавирустун жаңы толкунуна даярдоо үчүн окутууну баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окутуу министрликтин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин жетекчилиги астында 2-февралдан 2-мартка чейин өтөт. Ошондой эле сабактар Швейцария, Германия, Улуу Британиядагы ири медициналык борборлордун тажрыйбасына таянып, дарыгерлер менен биргеликте, оор абалдагы бейтаптардын дем алуусун жакшыртуу жана өмүрүн сактоо боюнча алгоритмдердин негизинде окутулат.
Адистер жаз мезгилинде коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн экенин айтышууда.