Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына сурак берип чыкты. Маалыматка караганда, ал 15-ноябрда тергөө иш-чарасына күбө катары чакырылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, сөз шайлоо алдындагы үгүт иштерине өспүрүмдөрдүн тартылышы тууралуу болгон.
Бекешев бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышууда. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.