Дастан Бекешевдин жардамчысы УКМКга сурак берди

Кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдин жардамчысы УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү билдирди.

Анын айтымында, Азамат Сабырбеков ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгон. Маалым болгондой, сурак жашы жете электерди үгүт иштерине тартуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында болгон.

Дастан Бекешев да мындан эки күн мурун УКМКга сурак берип чыккан. Сурак шайлоо алдындагы үгүт иштерине өспүрүмдөрдүн тартылышы тууралуу болгон.