Декларация-2020. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин үйү жок, бирок унаасы бар

Салык кызматы 2020-жылдын аягында чиновниктердин кирешеси тууралуу отчетту жарыялай баштады. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кирешеси жана мүлкү боюнча маалымат жарыяланды.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы ал 750 миң 722 сом киреше тапкан. Анын кыймылсыз мүлкү жок. Бирок унаа, эмерек, компьютер, оргтехника, 700 миң сомго бодо мал, жылкы жана 1 миллион 650 миң сомдук асыл тукум жылкылары бар.

Курманкул Зулушевдин жакын туугандарынын кирешеси 250 миң сом, чыгашасы 4 миллион 900 миң сом. Мындан тышкары, эки турак жай жана айыл чарба багытындагы жер тилкелери бар.