Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгү кытай стилинде көрктөндүрүлүп жатат

Бишкек шаарынын Дэн Сяопинин проспектисин Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки батыш кире бериш бөлүгүн көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Тротуарларды, веложолдорду жасоо, жаңы ирригацияны куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу пландалууда. Учурда жашыл катмарын кыркып, сырткы тармактарды өткөрүп, дүмүрлөрдү жулуп, ирригациялык жана тротуарларды орнотуу иштери башталды. Жер участогунун жалпы аянты 0,755 гектар. Ишти “НурМир Амина” ЖЧКсы подряддык уюму алып барууда.