«Денесинде күйүктүн тактары бар». Укук коргоочу Ошто туугандары 3 жашар баланы сабап жүргөнүн айтып чыкты

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Моңгол айылында 3 жашар баланы туугандары сабашкан. Аталган маалымат менен укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, баланын ата-энеси ажырашкан. «Апасы баласын туугандарына калтырып Бишкекке иштегени кеткен. Маалыматка ылайык, баланы ишенип тапшырган тууганы уруп жүргөн, денесинде күйүктүн тактары бар», — деп жазган укук коргоочу.

Укук коргоочу кордук көргөн балдар, аялдарга мамлекет тарабынан колдоо керектигин кошумчалаган.