«Баладай ыйлады». Депутаттар 1 күндүк маянасын Самат Курманкуловго котормой болушту

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Кой-Таш окуясында жабыркаган Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловго жардам катары депутаттардын бир күндүк айлык маянасын которуп берүүсүн суранды.

«Акыбалы начар экен. Баладай «жардам берип койгулачы, кыйналдым» деп ыйлады. Эгер депутаттар макул болсо, 1 күндүн маянаны жардам катары которолу. Ушуну сунушка коюп берсеңер. Дагы пенсиямды көтөрүп берсеңер деди», — деди ал.

Депутаттын сунушу колдоого алынды.

2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Ооруканада комага түшүп, ага 2 жолу операция жасалган.